Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Исфана шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXXIII сессиясы
2020-жылдын 23-июну № 3
Исфана жайыт комитетинин жүргүзүп жаткан иштеринин жана кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин абалы жөнүндө
Исфана жайыт комитетинин жүргүзүп жаткан иштеринин жана кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин абалы жөнүндө маалыматын жана сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын сунуш-пикирлерин угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Исфана шаардык КеңешининV чакырылышынын кезектеги ХXXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана жайыт комитетинин жүргүзүп жаткан иштеринин абалы канааттандырарлык деп табылсын.
2. Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин пайдалануунун жана ижара акыларынын жыйноонун абалы канааттандырарлык деп табылсын.
3. Көрсөтүлгөн кемчиликтерди четтетүүгө эки ай мөөнөт берилсин жана ушул жылдын августь айында өткөрүлүүчү кезектеги сессияда кайрадан каралсын.
4. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Исфана шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.isfanacity.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин муниципалдык менчик, айыл чарба, курулуш, транспорт, коммуникация жана коммуналдык иштери боюнчатуруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б.И. Тагаев |