Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Исфана шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXXIII сессиясы
2020-жылдын 23-июну № 5
Исфана шаарынын жергиликтүү бюджетинен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Исфана шаарынын мэриясынын Исфана шаарынын жергиликтүү бюджетинен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2- пунктуна ылайык Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХXXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана шаарына караштуу билим берүү мекемелеринин материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу боюнча Ю.Гагарин атындагы орто мектебинин ашканасын оңдоого 477046 сом, Амир-Темур атындагы орто мектебинин ашканасын оңдоого 448972 сом жана Исфана орто мектебинин ашканасын оңдоого 150710 сом жалпысы болуп 1 076 728 сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.
2. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Исфана шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.isfanacity.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин бюджет, экономика, өнөр жай, айыл чарба жана инвестиция иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б.И. Тагаев |