Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Исфана шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXXV сессиясы
2020-жылдын 24-сентябры № 1
Исфана шаар мэриясынын аймагындагы билим берүү мекемелеринин жаңы окуу жылына карата даярдыгы жөнүндө
Исфана шаар мэриясынын аймагындагы билим берүү мекемелеринин жаңы окуу жылына карата даярдыгы жөнүндө маалыматын жана сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын сунуш-пикирлерин угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана шаар мэриясынын аймагындагы билим берүү мекемелеринин жаңы окуу жылына карата даярдыгы канаатандырарлык деп табылсын.
2. Исфана шаар мэриясынын бюджетинен 66 000 сом акча каражатын “Ынтымак” балдар бакчасынын ремонттоо иштерине бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
3. Исфана шаар мэриясынын бюджетинен 300 000 сом акча каражатын №1 Гимназия, №4 Гимназия жана Д.Жороев атындагы орто мектептерине эмерек алуу үчүн бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
4. Белгиленген кемчиликтерди четтетүү менен аткарылган иштер боюнча маалыматты кезектеги сессияда билдирүү берүү жагы Исфана шаарынын мэри А.Н. Хамраевге милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Исфана шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.isfana.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин Билим берүү, маданият, мамлекеттик тил, каада-салт, саламаттыкты сактоо, социалдык өнүктүрүү жана экология иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б.И. Тагаев |