Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Исфана шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXXV сессиясы
2020-жылдын 24-сентябры № 3
Исфана шаардык Кеңешинин 2020-жылдын 10-мартындагы №1 токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Исфана шаар мэриясынын “Исфана шаардык Кеңешинин 2020-жылдын 10-мартындагы №1 токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХXXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана шаардык Кеңешинин 2020-жылдын 10-мартындагы “Исфана шаарынын аймагынан “CASA-1000” долбоорун ишке ашыруу үчүн электр берүүнүн аба чубалгыларынын тирөөчтөрүн орнотууга жер участокторун ажыратып берүүгө макулдук берүү жөнүндөгү №1 токтомунун 1-пунктунун “.тирөөчтөрүн орнотууга” деген сөздөн кийин “ажыратып берүүгө” деген сөз “.жалпы 0.0685 га.” Мамлекеттик менчикте турган жайыт жерлерин “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Исфана шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.isfana.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин муниципалдык менчик, айыл чарба, курулуш, жер, транспорт, коммуникация жана коммуналдык иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б.И. Тагаев |