Загрузка документа…
САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясы
2020-жылдын 24-февралы № 2
Жер аянттарын трансформациялоого сунуштоо жѳнүндѳ
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып,Сакалды айыл ѳкмѳтүнүн территориясынан айылдарга мазар үчүн жер ажыратуу максатында жер маселеси боюнча комиссиянын актысына негиз, КРдин Жер кодексинин 11,13,15,17,18- беренелерин,КРдин 2013-жылдын 15-июлундагы мыйзамын жетекчиликке алып Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясы токтом кылат :
1.Сакалды айыл ѳкмѳтүнүн аймагындагы айыл чарба багытындагы мамлекеттик фондго тиешелүү Чоң-Багыш айылынын №187 контурунан 4 (тѳрт) га, Кыргызстан айылынын №46 контурунан 4 (тѳрт)га, Аримжан айылынын №40 контурунан 4 (тѳрт) га, Сакалды айылынын №48 контурунан 2(эки)га, жалпысы 16 га сугат айдоо жер айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлери категориясынан муниципалдык менчикке (мазарлар үчүн) которууга (трансформациялоого) сунушталсын.
2.Тиешелүү иш кагаздарын (АПЗ,мамлекеттик акт) даярдап берүү Ноокен райондук шаар курулуш башкармалыгынан жана ”Кадастр” ММ Ноокен филиалынан суралсын
3.Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу айылдык кеңештин мыйзамдуулук жана депутаттык этика маселелери боюнча туруктуу комитетине,тѳрагасы А.Нышанбаевге жүктѳлсүн.
Төрага | Д. Бекназаров |