Загрузка документа…
САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясы
2020-жылдын 24-февралы № 3
Айыл чарба ѳндүрүшү үчүн жараксыз эски талаа стандын ордун турак жай үчүн берүү жѳнүндѳ
Күн тартибиндеги маселе боюнча айыл ѳкмѳттүн жер жана айыл чарба маселелери боюнча башкы адиси К.Абдилат уулунун маалыматын угуп жана талкуулап чыгып Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясы токтом кылат :
1. Сакалды айыл ѳкмѳтүнүн мурдагы Ленинград колхозунун Гүлкайыр жаштар бригадасынын талаа станынын орду жергиликтүү жамааттардын пикирин эске алып КРдин Жер кодексинин 18-беренесине негиз 0,16 га жер тилкеси менен турак жай куруу үчүн ажыратылсын.
2. Ушул жер тилкенин керектүү иш кагаздарын даярдап берүү “Кадастр” ММ мекемесинин Ноокен филиалынан, Ноокен райондук архитектура жана шаар курулуш башкармалыгынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу айылдык кеңештин мыйзамдуулук жана депутаттык этика маселелери боюнча туруктуу комитетинин тѳрагасы А.Нышанбаевге жүктѳлсүн.
Төрага | Д. Бекназаров |