Загрузка документа…
САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XXIX сессиясы
2020-жылдын 6-майы № 1
Коомдук кырдаалдагы маселелер жѳнүндѳ
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XXIX сессиясы токтом кылат :
1.Айыл ѳкмѳттүн аймагындагы Коронавирустук инфекция (COVID-19) боюнча эпидемиологиялык кырдаалга ылайык мектеп окуучуларынын онлайн режимде окуусуна байланыштуу маселелер боюнча айыл ѳкмѳттүн социалдык маселелер боюнча башкы адиси Э. Умаровдун маалыматы эске алынсын.
2.Мектеп окуучуларынын азыркы кырдаалга байланыштуу онлайн режимде окуусуна шарт түзүп берүү максатында жергиликтүү бюджеттин эсебинен телефон, телевизор сатып алып берүү жѳнүндѳгү Ноокен райондук билим берүү башкармалыгынын 2020-жылдын 21-апрелиндеги 02-08/48 сандуу кайрылуусу жана айыл ѳкмѳттүн аймагындагы жалпы билим берүүчү мектептердин директорлорунун суроо талаптары айылдык кеңештин колдоосун тапкан жок деп белгиленсин.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу айылдык кеңештин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Төрага | Д. Бекназаров |