Загрузка документа…
САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XXIX сессиясы
2020-жылдын 6-майы № 3
Сай-Бою айылынын таза суу түтүктѳрүн тартуу жумуштары жѳнүндѳ
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, ”Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 31-беренесине негиз Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XXIX сессиясы токтом кылат :
1.Коронавирустук инфекция (COVID-19) боюнча эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Ноокен райондук ѳнүктүрүү фондунан Сай-Бою айылынын таза суу түтүктѳрүн тартуу жумуштарына каралган каражат убактылуу которулбай тургандыгы эске алынсын.
2. Бул жумуштардын аткарылып бүтүшүн камсыздоо максатында “Вавилон - Маркет” ЖЧКсынын ѳздүк эсебине Ноокен райондук ѳнүктүрүү фонду тарабынан жактырылган каражаттын денгээлинде жергиликтүү бюджеттен убактылуу каражат ажыратып туруу жѳнүндѳгү айыл ѳкмѳттүн башчысынын орун басары М.Орозалиевдин билдирүүсү айылдык кеңештин депутаттарынын колдоосун тапкан жок деп белгиленсин.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу айылдык кеңештин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Төрага | Д. Бекназаров |