Загрузка документа…
САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XXIX сессиясы
2020-жылдын 6-майы № 4
Аба ырайынын татаал шартынан жапа чеккен эгин аянттарын калыбына келтирүү жѳнүндѳ
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, ”Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 31-беренесине негиз Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XXIX сессиясы токтом кылат :
1.2020-жылдын 6-май күнү нѳшѳрлѳп жааган жамгыр мѳндүргѳ айланып,эгин аянттарын сел жууп калыбына келтирүүнү талап кылган жер тилкелери боюнча айыл ѳкмѳт башчысынын орун басары М.Орозалиевдин маалыматы эске алынсын.
2. Сакалды айыл ѳкмѳтүнүн 104,109,111 контурларындагы 81,60га пакта,12,0га пияз,13,40га жүгѳрү, 12,0га арпа, жалпысы 18,0 га үлүш жер,101,0га ижара жердеги эгин аянттарын калыбына келтирүү максатында айыл ѳкмѳттүн жергиликтүү бюджетинин “ѳзгѳчѳ кырдаалдар ” статьясынан 40000(кырк миң) сом акчалай каражат пакта үрѳѳнүн сатып алуу жана техниканын чыгашалары үчүн эгин ээлерине жардам катары ажыратылсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыздоо Сакалды айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Ш.Масировго тапшырылсын.
Төрага | Д. Бекназаров |