Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 20-январы № 27-32/3
“Каракол шаарындагы №1 инновациялык мектеп-гимназиясынын имаратынын жылытуу системасын ремонттоо” долбоору боюнча дем берүүчү грантты кошумча каржылоого акча каражатын бѳлүп берүүнү, Каракол шаарынын 2020-жылдын бюджетинин долбооруна киргизүү жѳнүндѳ
Каракол шаарынын финансы башкармалыгынын башчысы Г.С.Толумбекованын, 2019-жылдын 10-декабрындагы, кир:№01-7/425 катын карап жана талкуулап, экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча, туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кенешинин XXVII чакырылышынын XXXII сессиясы,
токтом кылат:
1. Каракол шаарынын финансы башкармалыгы (Г.С.Толумбекова), 850 000 (сегиз жүз элүү миң) сом ѳлчѳмүндѳгү акча каражатын, “Каракол шаарындагы №1 инновациялык мектеп-гимназиясынын имаратынын жылытуу системасын ремонттоо” долбоору боюнча дем берүүчү грантты кошумча каржылоого, Каракол шаарынын 2020-жылга карата бюджетинин долбооруна киргизүүнү камсыз кылсын.
2. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтом ММКларда жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча, туруктуу комиссиясына (Н.А.Баратова) жана Каракол шаарынын биринчи-вице мэри С.С.Ѳскѳнбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Э.А. Айсаракунов |