Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 20-январы № 27-32/8
Каракол шаарынын ирригациялык тутамдарын калыбына келтирүү Стратегиясынын мѳѳнѳттѳрүн узартуу жѳнүндѳ
Каракол шаарынын “Жашылдандыруу чарбасы” муниципалдык ишканасынын директорунун м.а. Э.Джумаевдин жана Каракол шаарынын ирригациялык стратегиясына мониторинг жүргүзүү боюнча жумушчу комиссиясынын маалыматтарын угуп жана талкуулап унаа, жолдор, турак жай, муниципалдык, коммуналдык чарба жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кенешинин XXVII чакырылышынын XXXII сессиясы,
токтом кылат:
1. Каракол шаарынын ирригациялык тутамдарын калыбына келтирүү Стратегиясын ишке ашыруу мѳѳнѳттѳрү 2023-жылга чейин узартылсын.
2. Каракол шаарынын мэриясы, «Жашылдандыруу чарбасы» муниципалдык ишканасы Каракол шаарынын ирригациялык тутамдарын калыбына келтирүү Стратегиясын, бекитилген программага ылайык, ишке ашырышсын.
3. Каракол шаарынын ирригациялык тутамдарын калыбына келтирүүгѳ мониторинг боюнча жумушчу топ, мониторинг жана баалоо боюнча туруктуу ишти, Стратегия бүткүчѳ жүргүзсүн.
4. Каракол шаарынын мэриясы, «Жашылдандыруу чарбасы» МИси, жылыга IV кварталда, аткарылган иштери боюнча Каракол шаардык депутаттар Кенешине маалымдашсын.
5. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
6. Токтом ММКларда жарыялансын.
7. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча, туруктуу комиссиясына (Н.А.Баратова), унаа, жолдор, турак жай, муниципалдык, коммуналдык чарба жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясына (Ф.А.Алжамбаев) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри С.С Ѳскѳнбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Э.А. Айсаракунов |