Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 20-январы № 27-32/9
Каракол шаарынын жаңы конуштардагы кѳчѳлѳргѳ ысым ыйгаруу жѳнүндѳ
Каракол шаарынын мэри А.Ж.Каниметовдун, 2019-жылдын 6-августундагы, кир:№01-7/269 катын карап жана талкуулап, мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, ММКлар, коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XХXII сессиясы,
токтом кылат:
1. А.Жангорозова атн. жаңы конушундагы бир кѳчѳгѳ Апыш Акуновдун ысымы ыйгарылсын (картага ылайык).
2. Кузбасск жаңы конуштун бир кѳчѳсүнѳ Иса Керимовдун ысымы ыйгарылсын. (картага ылайык).
3. Каракол шаардык мэриясы бир айлык мѳѳнѳттүн ичинде аты жазылган табличкаларды даярдап, бурчтагы үйлѳргѳ тактырсын.
4. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5. Токтом ММКларда жарыялансын.
6. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, ММКлар, коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына (К.Мамбетов) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри С.С.Өскөнбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Э.А. Айсаракунов |