Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 20-январы № 27-32/10
Каракол шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2019-жылда аткарылышынын жыйынтыгы боюнча, 2020-жылдын башындагы эркин калдыктын акча каражаттарын бѳлүштүрүү жѳнүндѳ
Каракол шаардык финансы башкармалыгынын башчысы Г.С.Толумбекованын, “Каракол шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2019-жылда аткарылышынын жыйынтыгы боюнча, 2020-жылдын башындагы эркин калдыктын акча каражаттарын бѳлүштүрүү” жѳнүндѳгү маалыматын угуп жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XХXII сессиясы,
токтом кылат:
1. Каракол шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2019-жылда аткарылышынын жыйынтыгы боюнча, 2020-жылдын башындагы бюджеттик каражаттардын эркин калдыгы 15856,5 миң сом ѳлчѳмүндѳ бекитилсин.
2. Каракол шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2019-жылда аткарылышынын жыйынтыгы боюнча, 2020-жылдын башындагы эркин калдыктын эсебинен, 200 (эки жүз) миң сом акча каражатын советтик аскерлердин ооганстандан чыгарылгандыгын майрамдоо үчүн, ардагерлерге бѳлүнүп берилсин.
3. Каракол шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2019-жылда аткарылышынын жыйынтыгы боюнча, 2020-жылдын башындагы эркин калдыктын эсебинен, 138,2 (жүз отуз сегиз миң эки жүз) сом ѳлчѳмүндѳгү акча каражатын, Каракол шаарынын мэриясынын алдындагы жергиликтүү салыктар бѳлүмүнүн кызматкерлерине сыйакы катары берүү үчүн бѳлүнүп берилсин.
4. Атайы каражаттардын калдыгы 620,2 (алты жүз жыйырма миң эки жүз) сом ѳлчѳмүндѳ бекитсин.
5. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
6. Токтом ММКларда жарыялансын.
7. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча, туруктуу комиссиясына (Н.А.Баратова) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри С.С Ѳскѳнбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Э.А. Айсаракунов |