Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 20-январы № 27-32/12
Каракол шаарынын мэриясынын укук бузуулар иштерин кароо боюнча комиссиясынын 2019-жылдагы отчету жѳнүндѳ
Каракол шаарынын мэриясынын биринчи вице-мэр С.С.Ѳскѳнбаевдин, 2020-жылдын 15-январындагы, кир:№01-7/11 катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XХXII сессиясы,
токтом кылат:
1. Каракол шаарынын мэриясынын укук бузуулар иштерин кароо боюнча комиссиясынын 2019-жылдагы иши канаттандыраарлык эмес деп табылсын.
2. Каракол шаарынын мэриясына, укук бузуулар иштерин кароо боюнча комиссиянын ишин күчѳтсүн.
3. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтом ММКларда жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, ММКлар, коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына (К.Мамбетов) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри С.С.Өскөнбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Э.А. Айсаракунов |