Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXIX чакырылышы Кезектеги XXI сессиясы
2020-жылдын 30-июну № 3
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин XXIX чакырылышынын кезектеги 21 - сессиясынын күн тартиби жөнүндө
Таш-Көмүршаардык депутаттар Кенешинин 2020-жылдын II кварталына бекитилген «Шаардын тазалыгы, көрктөндүрүү, жашылдандыруу маселелери боюнча шаардын аймагындагы мекеме ишканалардын жүргүзгөн иштери жөнүндө» маселени кийинки сессияга жылдыруу жөнүндө шаардык Кенештин депутаты М.Кулдышевдин жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сунуштарын угуп жана талкуулап, ТАШ-КӨМҮР шаардык депутаттар Кенешинин XXIX чакырылышынын кезектеги 21 - cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Көмүршаардык депутаттар Кенешинин 2020-жылдын II кварталына бекитилген «Шаардын тазалыгы, көрктөндүрүү, жашылдандыруу маселелери боюнча шаардын аймагындагы мекеме ишканалардын жүргүзгөн иштери жөнүндө» маселени кийинки сессияга жылдыруу жөнүндө шаардык Кенештин депутаты М.Кулдышевдин жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сунуштары эске алынсын.
2. Шаардык депутаттар Кеңешинин Регламентинин 9 - бөлүгүнүн 9.2-пунктуна ылайык, “Шаардын тазалыгы, көрктөндүрүү, жашылдандыруу маселелери боюнча шаардын аймагындагы мекеме ишканалардын жүргүзгөн иштери жөнүндө” маселе жөйөлүү себептерге байланыштуу кийинки сессияга жылдырылсын.
3. Жогорудагы маселени шаардык Кенештин кийинки кезектеги сессиясына даярдап алып чыгуу жагы шаардык Кенештин алдындагы «Өнөр жай» боюнча туруктуу комиссиясына (А.Асанов) тапшырылсын.
4. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
5. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
6. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы шаардык депутаттар Кенешинин жооптуу катчысы Э.Тажимырзаевге жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин төрагасы |
С.Кудайбердиев |