Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXIX чакырылышы Кезектеги XXI сессиясы
2020-жылдын 30-июну № 4
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин XXIX чакырылышынын кезектеги 21-сессиясынын кън тартиби жөнүндө
Таш-Көмүршаардык депутаттар Кенешинин 2020-жылдын II кварталына бекитилген «Шаардык мэриянын шаардын инфраструктурасын жакшыртуу үчүн эл аралык уюмдар, донорлор, ддемөөрчүлөр менен инвестиция, гранттарды тартуу боюнча жүргүзгөн жаткан иштери жөнүндө шаардык мэриянын отчету тууралуу» маселени кийинки сессияга жылдыруу боюнча шаардык Кеңештин депутаты М.Кулдышевдин жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сунуштарын угуп жана талкуулап, ТАШ-КӨМҮР шаардык депутаттар Кенешинин XXIX чакырылышынын кезектеги 21 - cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Көмүршаардык депутаттар Кенешинин 2020-жылдын II кварталына бекитилген «Шаардык мэриянын шаардын инфраструктурасын жакшыртуу үчүн эл аралык уюмдар, донорлор, демөөрчүлөр менен инвестиция, гранттарды тартуу боюнча жүргүзгөн жаткан иштери жөнүндө шаардык мэриянын отчету тууралуу» маселени кийинки сессияга жылдыруу боюнча шаардык Кенештин депутаты М.Кулдышевдин жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сунуштары эске алынсын.
2. Шаардык депутаттар Кеңешинин Регламентинин 9 - бөлүгүнүн 9.2-пунктуна ылайык, “Шаардык мэриянын шаардын инфраструктурасын жакшыртуу үчүн эл аралык уюмдар, донорлор, демөөрчүлөр менен инвестиция, гранттарды тартуу боюнча жүргүзгөн жаткан иштери жөнүндө шаардык мэриянын отчету тууралуу” маселе жөйөлүү себептерге байланыштуу кийинки сессияга жылдырылсын.
3. Жогорудагы маселени шаардык Кенештин кийинки кезектеги сессиясына даярдап алып чыгуу жагы шаардык Кенештин аппаратына тапшырылсын.
4. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
5. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
6. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы шаардык депутаттар Кенешинин жооптуу катчысы Э.Тажимырзаевге жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин төрагасы |
С.Кудайбердиев |