Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXIX чакырылышы Кезектеги XXI сессиясы
2020-жылдын 30-июну № 5
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин XXIX чакырылышынын кезектеги 21-сессиясынын күн тартиби жөнүндө
Таш-Көмүршаардык депутаттар Кенешинин 2020-жылдын II кварталына бекитилген «Шаардык мэриянын алдындагы жер талдоо комиссиясынын, конкурстук комиссиясынын, аукциондук комиссиясынын, турак жай комиссиясынын жана жеке менчик турак жай куруу үчүн жер тилкесин берүү жана кезекке коюу комиссиясынын аткарып жаткан иштери тууралуу шаардын I вице-мэринин отчету боюнча» маселени кийинки сессияга жылдыруу жөнүндө шаардык Кенештин депутаты М.Кулдышевдин жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сунуштарын угуп жана талкуулап, ТАШ-КӨМҮР шаардык депутаттар Кенешинин XXIX чакырылышынын кезектеги 21 - cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Көмүршаардык депутаттар Кенешинин 2020-жылдын II кварталына бекитилген «Шаардык мэриянын алдындагы жер талдоо комиссиясынын, конкурстук комиссиясынын, аукциондук комиссиясынын, турак жай комиссиясынын жана жеке менчик турак жай куруу үчүн жер тилкесин берүү жана кезекке коюу комиссиясынын аткарып жаткан иштери тууралуу шаардын вице-мэринин отчету боюнча» маселени кийинки сессияга жылдыруу жөнүндө шаардык Кенештин депутаты М.Кулдышевдин жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сунуштары эске алынсын.
2. Шаардык депутаттар Кеңешинин Регламентинин 9 - бөлүгүнүн 9.2-пунктуна ылайык, “Шаардык мэриянын алдындагы жер талдоо комиссиясынын, конкурстук комиссиясынын, аукциондук комиссиясынын, турак жай комиссиясынын жана жеке менчик турак жай куруу үчүн жер тилкесин берүү жана кезекке коюу комиссиясынын аткарып жаткан иштери тууралуу шаардын I вице-мэринин отчету боюнча” маселе жөйөлүү себептерге байланыштуу кийинки сессияга жылдырылсын.
3. Жогорудагы маселени шаардык Кенештин кийинки кезектеги сессиясына даярдап алып чыгуу жагы шаардык Кенештин аппаратына тапшырылсын.
4. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
5. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
6. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы шаардык депупаттар Кенешинин жоопту катчысы Э.Тажимырзаевге жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин төрагасы |
С.Кудайбердиев |