Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXIX чакырылышы Кезектеги XXI сессиясы
2020-жылдын 30-июну № 6
Коомдук тартипти сактоо жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча шаардык ички иштер бөлүмүнүн аткарган иштери тууралуу маалыматы
Коомдук тартипти сактоо жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча шаардык ички иштер бөлүмүнүн аткарган иштери тууралуу шаардык ички иштер бөлүмүнүн начальнигинин орун басары Т.Сулаймановдун маалыматын угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин XXIX чакырылышынын кезектеги 21 – cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Коомдук тартипти сактоо жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча шаардык ички иштер бөлүмүнүн аткарган иштери тууралуу шаардык ички иштер бөлүмүнүн начальнигинин орун басары Т.Сулаймановдун маалыматы эске алынсын.
2. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
3. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин төрагасы |
С.Кудайбердиев |