Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXIX чакырылышы Кезектеги XXI сессиясы
2020-жылдын 30-июну № 7
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин XXIX чакырылышынын кезектеги 21-сессиясынын кън тартиби жөнүндө
Таш-Көмүршаардык депутаттар Кенешинин 2020-жылдын II кварталына бекитилген «Шаардын аймагындагы мектептерде 2019-2020-окуу жыл ичинде окуучуларга билим тарбия берүүнүн абалы жана жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилген акча каражаттардын пайдаланышы тууралуу шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Т.Шабдановдун отчету боюнча» маселени кийинки сессияга жылдыруу жөнүндө шаардык Кенештин депутаты М.Кулдышевдин жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сунуштарын угуп жана талкуулап, ТАШ-КӨМҮР шаардык депутаттар Кенешинин XXIX чакырылышынын кезектеги 21 - cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Көмүршаардык депутаттар Кенешинин 2020-жылдын II кварталына бекитилген «Шаардын аймагындагы мектептерде 2019-2020-окуу жыл ичинде окуучуларга билим тарбия берүүнүн абалы жана жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилген акча каражаттардын пайдаланышы тууралуу шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Т.Шабдановдун отчету боюнча» маселени кийинки сессияга жылдыруу жөнүндө шаардык Кенештин депутаты М.Кулдышевдин жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сунуштары эске алынсын.
2. Шаардык депутаттар Кеңешинин Регламентинин 9 - бөлүгүнүн 9.2-пунктуна ылайык, “Шаардын аймагындагы мектептерде 2019-2020-окуу жыл ичинде окуучуларга билим тарбия берүүнүн абалы жана жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилген акча каражаттардын пайдаланышы тууралуу шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Т.Шабдановдун отчету боюнча” маселе жөйөлүү себептерге байланыштуу кийинки сессияга жылдырылсын.
3. Жогорудагы маселени шаардык Кенештин кийинки кезектеги сессиясына даярдап алып чыгуу жагы шаардык Кенештин алдындагы “Социалдык маселелер” боюнча туруктуу комиссиясына (Ж.Юлдашев) тапшырылсын.
4. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
5. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
6. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы шаардык депутаттар Кенешинин жооптуу катчысы Э.Тажимырзаевге жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин төрагасы |
С.Кудайбердиев |