Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXIX чакырылышы Кезектеги XXI сессиясы
2020-жылдын 30-июну № 9
Шаардык ММДинин 19.06.2020-жылдагы “ММДинин штаттык жадыбалындагы эсептик бухгалтер штат бирдигин механик деп өзгөртүп берүү тууралуу” №01-17/260 кайрылуу каты жөнүндө
Шаардык ММДинин 19.06.2020-жылдагы “ММДинин штаттык жадыбалындагы эсептик бухгалтер штат бирдигин механик деп өзгөртүп берүү тууралуу” №01-17/260 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү депутат А.Султановдун маалыматын угуп жана талкуулап, ТАШ-КӨМҮР шаардык депутаттар Кенешинин XXIX чакырылышынын кезектеги 21 - cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык ММДинин 19.06.2020-жылдагы “ММДинин штаттык жадыбалындагы эсептик бухгалтер штат бирдигин механик деп өзгөртүп берүү тууралуу” №01-17/260 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү депутат А.Султановдун маалыматы эске алынсын.
2. Таш-Көмүршаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин Жобосунун 5-бөлүмүнүн 5.3-бөлүмчөсүнүн негизинде ММДинин штаттык жадыбалындагы эсептик бухгалтер штат бирдиги механик деп өзгөртүлүп бекитилсин.
3. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
4. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык Кенештин алдындагы «Мыйзамдуулук» боюнча туруктуу комиссиясына (А.Райымжанов) жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин төрагасы |
С.Кудайбердиев |