Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXIX чакырылышы Кезектеги XX сессиясы
2020-жылдын 4-марты № 2
Тендик аймактык башкармалыгынын жашоочуларынын 06.02.2020-жылдагы №9 А.Осмонбеков атындагы орто мектебине ардагер мугалим маркум П.Уразовдун ысмын ыйгаруу тууралуу» кайрылуу каты жөнүндө
Тендик аймактык башкармалыгынын жашоочуларынын 06.02.2020-жылдагы “№9 А.Осмонбеков атындагы орто мектебине ардагер мугалим маркум П.Уразовдун ысмын ыйгаруу тууралуу» кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Райымжановдун маалыматын угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин ХХIХ чакырылышынын кезектеги 20 – cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тендик аймактык башкармалыгынын жашоочуларынын 06.02.2020-жылдагы “№9 А.Осмонбеков атындагы орто мектебине ардагер мугалим маркум П.Уразовдун ысмын ыйгаруу тууралуу» кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Райымжановдун маалыматы эске алынсын.
2. Ардагер мугалим маркум Уразов Парпувай Султанбаевичтин ысмын түбөлүккө калтыруу максатында №9 “А.Осмонбеков” атындагы орто мектеби, №9 “Уразов Парпувай Султанбаевич” атындагы орто мектеби болуп өзгөртүлсүн.
3. №9 орто мектебинин атын өзгөрткөндүгүнө байланышкан маселелерди чечүү жагы шаардык билим берүү бөлүмүнө жана мектептин жетекчилигине милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
5. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” маселеси боюнча туруктуу комиссиясына (А.Райымжанов) жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин төрагасы |
С.Кудайбердиев |