Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXIX чакырылышы Кезектеги XX сессиясы
2020-жылдын 4-марты № 5
КРФМинин Таш-Көмүр шаарындагы башкармалыгынын 2019-жыл ичинде шаардык бюджеттин аткарылышы тууралуу КРФМинин Таш-Көмүр шаарындагы башкармалыгынын начальниги А.Досалиеванын маалыматы жөнүндө
КРФМинин Таш-Көмүр шаарындагы башкармалыгынын 2019-жыл ичинде шаардык бюджеттин аткарылышы тууралуу КРФМинин Таш-Көмүр шаарындагы башкармалыгынын начальниги А.Досалиеванын маалыматын угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин XXIX чакырылышынын кезектеги 20 - cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. КРФМинин Таш-Көмүр шаарындагы башкармалыгынын 2019-жыл ичинде шаардык бюджеттин аткарылышы тууралуу КРФМинин Таш-Көмүр шаарындагы башкармалыгынын начальниги А.Досалиеванын маалыматы эске алынсын.
2. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
3. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин төрагасы |
С.Кудайбердиев |