Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXIX чакырылышы Кезектеги XX сессиясы
2020-жылдын 1-июну № 7
Таш-Көмүр шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин Жобосун бекитүү жөнүндө
Таш-Көмүр шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин Жобосун бекитүү боюнча шаардык Кеңештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү С.Сарбагышеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин XXIX чакырылышынын кезектеги 20 - cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Көмүр шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин Жобосун бекитүү боюнча шаардык Кеңештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү С.Сарбагышеванын билдирүүсү эске алынсын.
2. Шаардык депутаттар Кеңешинин Регламентинин 9 - бөлүмүнүн 9.2-пунктунун негизинде, “Таш-Көмүр шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин Жобосун бекитүү жөнүндө” маселе жүйөлүү себептер менен кийинки сессияга жылдырылсын.
3. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
4. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык Кенештин «Мыйзамдуулук» боюнча туруктуу комиссиясына (А.Райымжанов) жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин төрагасы |
С.Кудайбердиев |