Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXIX чакырылышы Кезектеги XX сессиясы
2020-жылдын 1-июну № 8
Суу Чарба ишканасынын 11.02.2020-жылдагы “Таш-Көмүр шаары боюнча 2020-жыл үчүн суунун тарифин карап берүү тууралуу” №88 кайрылуу каты жөнүндө
“Суу Чарба” ишканасынын 11.02.2020-жылдагы “2020-жыл үчүн суунун тарифин карап берүү” тууралуу №88 кайрылуу каты боюнча шаардык Кеңештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү Т.Отунчиевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин XXIX чакырылышынын кезектеги 20 - cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Суу Чарба” ишканасынын 11.02.2020-жылдагы “2020-жыл үчүн суунун тарифин карап берүү” тууралуу №88 кайрылуу каты боюнча шаардык Кеңештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү Т.Отунчиевдин маалыматы эске алынсын.
2. КР “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун 14-пунктчасына ылайык, Таш-Көмүр шаары боюнча 2020-жыл үчүн суунун тарифи калкка 1 м3 х 10 сом 15 тыйын, бюджеттик мекемелерге жана өндүрүштүк ишканаларга 1 м3 х 16 сом 64 тыйын, жеке ишкерлереге 1 м3 х 30 сом 00 тыйын өлчөмүндө бекитилсин.
3. Токтомду аткаруу жана шаардын тургундарына массалык маалымат каражаттары аркылуу маалымдоо, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы «Суу Чарба» ишканасына (Э.Кулуев) милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
5. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык Кенештин «Мыйзамдуулук» боюнча туруктуу комиссиясына (А.Райымжанов) жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин төрагасы |
С.Кудайбердиев |