Загрузка документа…
КӨК-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Бел айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
2017-жылдын 30-июну № XIV-01
Көк-Бел айылы 30.06.2017-жылАйыл өкмөт башчысынын 2016-жылдагы аткарган жумуштарынын отчету жөнүндө
Көк-Бел айыл өкмөтүнүн 2016-жылда салык төлөмдөрүн ашыкча аткаргандыгы же болбосо 155% пайызга аткаргандыгын, элди таза суу менен камсыз кылууда алгылыктуу жумуштарды аткаргандыгы, айыл ичиндеги ички жолдорду калыбына келтирүүдө талаптагыдай жумуштар аткарылгандыгын, элдин коопсуздугун кароодо кооптуу деп саналган сайларды тазалоодо, жаны конуштарды электр мамычалары менен камсыздоодо, билим берүү тармактарына жеткиликтүү жардам берилгендигин, мектептерди көмүр менен камсыздоодо убагында иш алып баргандыгын жана айыл өкмөттүн аймагындагы жакыр үй-бүлөлөргө материалдык жардам көрсөтүлгөндүгүн эске алып Көк-Бел айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Бел айыл өкмөтүнүн башчысынын 2016-жылда аткарылган жумуштары канааттандыраарлык деп табылсын.
Төрага |
А.А. Раев |