Загрузка документа…
КӨК-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Бел айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
2017-жылдын 30-июну № XIV-04
ПРООН тарабынан тосулган жерлерге чечим чыгаруу жөнүдө
Көк-Бел айыл өкмөтү пилоттук өкмөт катары ПРООН уюумуна кирген. Айыл өкмөт тарабынан бир канча жолу ПРООН менен окуулар, семинарлар өткөрүлдү. Жыйынтыгында айыл өкмөттүн аймагындагы жерлерди эррозияга учуратбай жердин кыртышын сактап калуу үчүн 14 га жайыт жерди тосуу боюнча проект жазылып, жазылган проект өтүп жыйынтыгында айыл өкмөткө ПРООН тарабынан 560000 сом жерди тосуу үчүн акча каражаты бөлүнүп берилет.
Ошондуктан күн тартибиндеги коюлган маселени талкуулап Депутаттардын Көк-Бел айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Бел айыл өкмөтүндөгү 14 га жайыт жердин кыртышын сактап калуу үчүн ПРООН тарабынан тосууга уруксат берилсин.
2. Тосулган 14 га жайыт жерди көрктөндүрүү үчүн көчөт отургузуу жагы айыл өкмөткө милдеттендирилсин.
3. 14 га жайыт жерди тактап берүү жагы айыл өкмөттүн жайыт комитетинин төрагасы Теңизбай уулу Турусбекке милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын айыл чарба, жер, суу, жайыт жана жаратылыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
А.А. Раев |