Загрузка документа…
КӨК-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Бел айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
2017-жылдын 30-июну № XIV-05
Көк-Бел айыл өкмөтүндөгү ИСКАКБнын жетекчисин шайлоо
Көк-Бел айыл өкмөтүндө 1050 кожолук болсо, 7517 калк жашайт. Айыл өкмөтүндөгү жалпы таза суунун узундугу 33,2 км. Ал эми таза суу менен камсыз болгон кожолуктун саны 812. Айыл элин таза суу менен камсыз кылуу үчүн 1 ИСКАКБ элге кызмат көрсөтүп келүүдө. 2017-жылы элди таза суу менен камсыз кылуу үчүн 889000 сом айыл өкмөттүн бюджетинен бөлүнүп азыркы күндө толугу менен жумуштар аткарылып келүүдө. ИСАКАКБнын жетекчиси болуп Аттокуров Абдилазиз шайланган. Азркы күндө жетекчи өз арызы менен жумуштан бошогондугуна байланыштуу жана күн тартибине коюлган маселени угуп жана талкуулап Көк-бел айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Бел айыл өкмөтүнүн аймагындагы ИСКАКБнын жетекчиси болуп Айтбаев Сайтазим шайлансын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын айыл чарба, жер, суу, жайыт жана жаратылыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
А.А. Раев |