Загрузка документа…
КӨК-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Бел айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
2017-жылдын 30-июну № XIV-07
Айыл өкмөттүн балансында турган мончону ижарага берүү жөнүндө
Көк-Бел айыл өкмөтүнүн балансында турган мончо бир канча жылдан бери элге кызмат көрсөтбөй келүүдө себеби, мончо капиталдык ремонтту талап кылат. Айыл өкмөттүн аймагындагы жеке ишкерлер тарабынан айыл өкмөткө мончону капиталдык ремонттон чыгарып, кайрадан мончону жеке ишкерлерге ижарага берүү боюнча кайрылышкан. Азыркы убакта айыл өкмөттүн аймагында мончо жок болгондугуна байланашытуу, элдин суроо талабына аткаруу жана айылдык кеңештин сессиясынын күн тартибине коюлган маселени угуп жана талкуулап Депутаттардын Көк-Бел айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Бел айыл өкмөтүнүн балансында турган мончо жеке ишкерлерге капиталдык ремонттон өткөрүүгө берилсин.
2. Мончо капиталдык ремонттон өткөндөн кийин жеке ишкерлерге узак мөөнөткө ижарага берилсин.
3. Мончону таза суу менен камсыз кылуу жагы айыл өкмөткө милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын айыл чарба, жер, суу, жайыт жана жаратылыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
А.А. Раев |