Загрузка документа…
КӨК-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Бел айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
2017-жылдын 30-июну № XIV-09
К.Абдылакимов атындагы Көк-Бел орто мектебине атайын көмүр сактоочу жана жаныдан котельный куруу үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Көк-Бел айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 6 айлыгындагы эсептик счетунда калган калдыкты иштелип чыгылган Долбоор Депутаттардын Көк-Бел айылдык кеңешинин “Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк” боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү” Мыйзамынын 27-статьясынын 5-пунктуна ылайык депутаттардын Көк-Бел айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. К.Абдылакимов атындагы Көк-Бел орто мектебине жаңыдан котлеьный жана атайын көмүр сактоочу жай куруу үчүн 3452,9 сом акча каражаты калган калдыктын эсебинен бөлүнсүн.
2. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөттүн ФЭБ башчысы Караев Назарбекке милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы депутаттардын Көк-Бел айылдык Кеңешинин “Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
А. Раев |