Загрузка документа…
КӨК-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Бел айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XV сессиясы
2017-жылдын 3-августу № XV-02
2016-жылдын 29-сентябрындагы кезектеги 5 чакырылышынын 8 сессиясынын отурумунун № VIII-02 – токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
2016-жылдын 29-сентябрындагы кезектеги 5 чакырылышынын 8 сессиясынын отурумунун № VIII-02 – токтомунун 1-пукту менен Ноокат-Папан жолунун 27-28-километрине атайын тараза көзөмөлү коюулсун, токтомдун 2-пункту менен тараза көзөмөлүн сатып алуу айыл өкмөттүн эсебинен чыгымдалсын жана орноштуруу жагы айыл өкмөткө милдеттендирилсин, токтомдун 3-пункту менен тараза көзөмөл орнотулгандан кийин 10 тоннадан ашкан оор жүк ташуучу авто унаалардын жүктөрү кайтарылсын, токтомдун 10-пункту менен токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин эконогмика , бюдждет, сода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын деп көрсөтүлгөн токтому Кыргыз Республикасынын «Жер» Кодексинин 18-ст. 3,4-ст. талабына ылайык, айылдык кеңеш жергиликтүү жамааттын пикирин эске алуу мене райондун администрациялык-аймактык түзүлүшү боюнча сунуштарды карайт, айылдык аймактын айылдык калктуу конуштардын курулуш куруу долбоорунун башкы планын бекитет, жеке жактардын менчигине бериллүүчү жер участокторунун чектик өлчөмдөрүн аныктайт, райондун мамлекеттик администрациясы менен бирдикте Айыл чарба жерлеринин мамлекетти фондунун жерлерин сарамжалдуу пайдалануу боюнча программаларды иштеп чыгуусу көрсөтүлгөндүгүнө байланыштуу айылдык Кенеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2016-жылдын 29-сентябрындагы кезектеги 5 чакырылышынын 8 сессиясынын отурумунун № VIII-02 – токтому мыйзам талаптарына жооп бербегендигине байланыштуу жокко чыгарылсын.
Төрага |
А. Раев |