Загрузка документа…
КӨК-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Бел айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XV сессиясы
2017-жылдын 3-августу № XV-04
2016-жылдын 16-июлундагы кезектеги 5 чакырылышынын 5 сессиясынын отурумунун № V-03 – токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
2016-жылдын 16-июлундагы кезектеги 5 чакырылышынын 5 сессиясынын отурумунун № V-03 – токтомунун 1-пукту менен К.Абдылакимов атындагы Көк-Бел орт о мектебинин территориясынын ичинен батыш тарабынан 0,12 га. Жер аянты бала бакча куру үчүн бөлүнүп берилсин, токтомдун 2-пункту менен токтомду аткаруу жагы айылдык кеңештин жер, суу жайыт жана жаратылыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн, токтомдун 3-пукту менен бала бакчага тиешелүү архитектуралык иш кагаздарын бүткөрүү жагы Ноокат райондук шаар куру жана архитектура башкармалыгынан суралсын деп көрсөтүлгөн токтому Кыргыз Республикасынын «Жер» Кодексинин 18-ст. 3,4-ст. талабына ылайык, айылдык кеңеш жергиликтүү жамааттын пикирин эске алуу менен райондун администрациялык-аймактык түзүлүшү боюнча сунуштарды карайт, айылдык аймактын айылдык калктуу конуштардын курулуш ькуруу долбоорунун башкы планын бекитет, жеке жактардын менчигине бериллүүчү жер участокторунун чектик өлчөмдөрүн аныктайт, райондун мамлекеттик администрациясы менен бирдикте Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин сарамжалдуу пайдалануу боюнча программаларды иштеп чыгуусу көрсөтүлгөндөй мыйзамга туура келбегендигине байланыштуу айылдык Кенеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2016-жылдын 16-июлундагы кезектеги 5 чакырылышынын 5 сессиясынын отурумунун № V-03 – токтому мыйзамга туура келбегендигине байланыштуу жокко чыгарылсын.
Төрага |
А.А. Раев |