Редакцияот 05.10.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Бел айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы

2018-жылдын 5-октябры № XXIII-03

ПРООН тарабынан тосулган жерлерди жоопкерчиликке өткөрүп берүү жөнүндө

ПРООН тарабынан тосулган Көк-Бел айыл өкмөтүнүн Көк-Бел айылындагы «Жалгыз Тал» участкасындагы 7 га жер аянты жана Кызыл - Таш участкасындагы 7 га жер аянты жердин кыртышын сактап калуу жана элдин коопсуздугун алдын алуу максатында тосулган жерлерди кароо максатында жана күн тартибинде коюлган маселени карап жана талкуулап Көк-Бел айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. ПРООН тарабынан тосулган «Жалгыз-Тал» участкасындагы тосулган 7 га жер аянты Жороев Эркинбекке жана «Кызыл -Таш» участкасындагы 7 га жер аянты Казамбеков Мухамедке жоопкерчиликке өткөрүүгө берилсин.

2. Бул токтомдун аткаруу көзөмөлү айылдык кенештин айыл чарба, жер, суу, жайыт жана жаратылыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

 

А.А. Раев