Загрузка документа…
КӨК-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 29-декабры № 88
Көк-Бел айылдык округунун аймагындагы тургундарынын турак-жай салуу муктаждыгын чечүү максатында, айылдык кайра бөлүштүрүү фондунун кайрак айдоо жер аянтынан жер бөлүп берүү тууралуу
Көк-Бел айылдык округунун аймагындагы тургундарынын турак-жай салуу муктаждыгын чечүү максатында, айылдык округдун кайра бөлүштүрүү фондунун кайрак жер аянтынан жер бөлүп берүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Бел айылдык округунун аймагындагы кайра бөлүштүрүү фондунун кайрак айдоо жер аянттарынын № 549 контурунан, 73 га, №549-73 га жана
2. № 549 контурунан 73 га , жалпысы болуп 73,0 га жер аянты калктуу конуштар категориясына которулсун.
3. Калктуу конуштар үчүн ажыратылган 73,0 га жер аянты кайра бөлүштүрүү фондунан кайрак жерине турак-жай салууга юридикалык иш кагаздарын даярдап берүү жагы кадастржана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин Ноокат райондук башкармасы жана райондук архитектура башкармалыган суралсын.
4. Кайра бөлүштүрүү фондунун 73,0 га кайрак жер аянтын калктуу конуцштар категориясына өткөрүү боюнча керектүү документтерин (жер аянтынын картасын, турак-жай салуу планын) бүткөрүү жагы айылдык округдун жер адиси Ш.Шерматовго тапшырылсын.
5. Ушул тоткомду бекитип берүү жагы Көк-Бел айылдык Кеңешинин суралсын.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык округ бавшчысынын орун басары М.Ташбаевге тапшырылсын.
Көк-Бел айылдык округунун |
А.А. Раев |
Көк-Бел айылдык округунун турак-жай салуу үчүн арыз берген жарандардын арызын кароо боюнча комиссия курамынын отурумунун
№ 1-протоколу
03.01.2011-жыл |
Көк-Бел айылы |
Отурумга катышкан комиссиянын мүчөлөрү
1. Көк-Бел айыл өкмөтүнүн башчысы: А.Жороев-комиссиянын төрагасы.
2. Көк-Бел айыл өкмөтүнүн катчысы: М.Алиев-комиясынын катчысы.
Комиссия мүчөлөрү:
Катышканы: ___
Күн тартибиндеги каралуучу маселе:
1.Турак-жай салуу үчүн арыз берген жарандардын арызын кароо.
Күн тартибиндеги маселе комиссиянын төрагасы Жороев Акылбек төмөнкүлөргө токтолду.
Урматтуу комиссия мүчөлөрү!
2005-жылдан 2011-жылдын майына чейин Көк-Бел айыл өкмөтүнө жарандардын турак-жай салуу үчүн 612ден ашуук арыз катталган.
Арыздардын көпчүлүгү жаш үй-бүлөлөрдөн түшкөн.
Комиссиянын максаты түшкөн арыздарды иликтеп жерге муктаж үй-бүлөлөрдү аныктоо.
Анда эмесе алдыңыздарда турак-жайга муктаж жарандардын жалпы тизмеси турат, ушул тизмени карап жерге муктаж жарандарды аныктап берсеңиздер.
Андан кийин комиссиянын төрагасынын орун басары Ш.Шерматов жана мүчөлөрү А.Курбанбаев, Бокубаевдер комиссия мүчөлөрүнөн маалыматтарды чогултушту.
Комиссия арыздарды толугу менен карап чыгып чогулган маалыматтын негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Турак-жай куруу үчүн жерге муктаж 612 арыздануучуга тамарка берүү зарыл экендиги белгиленсин.
2. Турак –жай курууга муктаж үй-бүлөлөргө өз арыздарынын негизинде 73,0 га кайрак айдоо аянты жеке менчик үй куруу үчүн бөлүнүп берилсин.
3. Ушул токтомду бекитип берүү жагы Көк-Бел айыл өкмөтүнүн башчысынан жана Көк-Бел кеңешинен суралсын.
Комиссиянын отурумунун төрагасы |
А. Жороев |
Катчысы |
М. Алиев |