Редакцияот 18.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

от 18 октябры 2021 года № 01

Кара-Балта шаарынын 2021-жылга бюджетин жана 2022-2023-жж. шаардын бюджетинин болжолун бекитүү жөнүндө” 2021-жылдын 08 апрелиндеги № 3 Токтомго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28, 31, 36 – беренелерине ылайык, Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2021 - жылдын 9 айынын бюджетинин аткарылышынын жыйынтыгы боюнча “Кара-Балта шаарынын 2021-жылга бюджетин жана 2022-2023-жылдарга Кара-Балта шаардын бюджетинин болжолун бекитүү жөнүндө” 2021 - жылдын 08 - апрелиндеги № 3 Кара-Балта шаардык кеңешинин Токтомуна өзгөртүүлөр киргизилсин:

- киреше салыгынын киреше бөлүгү боюнча пландын күтүлгөн көбөйүсүүнө карата жалпы суммасы көбөйтүлсүн - 20543,0 миң сом;

- № 8 тиркемеде статья ичинде төмөнкү иштер кыскартылсын:

араб үйлөрү үчүн документтерди алуу - 200,0 миң сом;

дары -дармектерди сатып алуу - 300,0 миң сом;

Почтовый көч. Тортуар салуу - 500,0 миң сом;

Көчөлөрдүн жолун өңдоп түзөө - 1000,0 миң сом;

КДС (Коллектордук дренаждык система) - 400,0 миң сом;

Аскердик даңк музейи - 400,0 миң сом;

№ 11 орто мектептин канализация тармагын капиталдык оңдоо - 1700,0 миң сом;

Т.Кожомбердиева көч. Жайыл -Баатыр көчөсүнүн кесилишинде жөө адамдар үчүн светофор орнотуу - 500,0 миң сом;

"Бокс залынын" чатырын оңдоо - 1150,0 миң сом;

жолдорду капиталдык оңдоо - 6700,0 миң сом;

балдар-спорт аянтчасын куруу - 995,7 миң сом;

В.И. Ленин атындагы ШМС чатырын капиталдык оңдоо - 1600,0 миң сом;

мектеп, мектепке чейинки мекемелерди эмерек сатып алуу - 500,0 миң сом

коопсуз шаар (50 камера комплетери менен) - 1700,0 миң сом;

лизинг жана / же атайын техника сатып алуу - 4000,0 миң сом.

Бардыгы 21645,7 миң сомго.

2. «Имараттар жана курулмалар» 3111 статьясынан - 1000,0 миң сом суммасына “Манас” СТнан кредит төмөн карай кыскартылып, которулсун.

Жалпы суммасы - 43 188,7 миң сом (21 645,7 + 1 000,0 + 20 543,0) мүлккө ММБге төмөнкү статьялардын көбөйүcүнө которулсун:

"Соттун чечимин аткаруу" 2823 статьясына - 10893,3 миң сом "ЛОТ" ЖЧКсына жана "КСК" МИге карыздарды төлөөгө;

"Соттун чечимин аткаруу" 2823 -статьясына - 21 187,7,7 миң сом;

“Имараттар жана курулмалар” 3111 статьясына - 3200,0 миң сом суммасында “Дельфин” балдар бакчасынын жылытуу системасын, өрт коопсуздук системасын ж.б. оңдоо иштерин аяктоого;

 "Учурдагы оңдоо" 2221 статьясына - 2 456,7 миң сом орто мектептердин, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин күнүмдүк, авариялык ремонтуна, анын ичинен № 4 орто мектепке - 1000,0 миң.сом.

 ББФМКШБге "Коммуналдык кызматтар" 2231 статьясына - 5451,0 миң сом, анын ичинен: жылуулук энергиясына төлөө үчүн - 3 000,0 миң сом, электр энергиясына - 2000,0 миң сом, сууга - 451,0 миң сом.

3.Ушул токтомдун аткарылыш көзөмөлү бюджет, муниципалдык, менчик, экономика, каржы жана инвестиция боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жана ошондой эле Кара-Балта шаарынын мэри Д.Б. Шакирбаевге жүктөлсүн.

 Таркатылсын: көктөмөгө, ТДКга, Кара – Балта шаарынын мэриясынына караштуу мүлккө ММБге, КЭБге, Кара-Балта шаарынын мэриясына.

 

Кеңештин төрагасы

А. Байсариев