КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
от 18 октябры 2021 года № 02
Кара-Балта шаарынын мэринин 2021 -жылдын 6 айына карата аткарылган иштер боюнча отчету жөнүндө
Кара-Балта шаарынын мэринин 2021-жылдын 6 айына карата аткарылган иштер боюнча отчетун угуп жана талкуулап, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 44– беренесинин 8 - пунктуна ылайык, Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Балта шаарынын мэринин 2021-жылдын 6 айына карата аткарылган иштери боюнча отчету эске алынсын. Кара-Балта шаарынын мэри Д.Б.Шакирбаевдин иши канааттандырарлык эмес деп табылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине Кара-Балта шаарынын мэри Шакирбаев Данияр Баяманович ээлеген кызматка ылайык келүү маселесин кароо сунушталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышы көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Таркатылсын: көктөмөгө, ТДКга, Кара-Балта шаарынын мэриясына.
Кеңештин төрагасы | А. Байсариев |