Редакцияот 30.06.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЭМГЕКЧИЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Эмгекчил айылдык Кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезексиз сессиясы

2021-жылдын 30-июну № 2

Муниципалдык менчикке өткөрүп алууга макулдук берүү жѳнүндѳ.

Күн тартибиндеги маселе боюнча айылдык кенештин төрагасы Марат Исмаиловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап сессия токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын мүлккө менчик жөнүндө Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Ɵкмөтүнө караштуу жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан өткөрүлүп берилип жаткан эски ипподромдун курулуш материалдарын Эмгекчил айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине (баланска) өткөрүп алууга макулдук берилсин.

2. Тиешелүү иш кагаздарын толуктоо, өткөрүп алуу актылардын негизинде кабыл алуу жана андан ары курулуш иштерин жүргүзүүнү уюштуруу Эмгекчил айыл өкмөтүнүн башчысы А.Бектуровго милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагын Эмгекчил айылдык кенешинин жаштар иштери жана спорт боюнча комитетине милдеттендирилсин.

 

Төрага

М.Исмаилов