МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Могол айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги III– сессиясы
2021-жылдын 15-июлу № 3
Могол айыл аймагындагы «Могол таза суу» муниципалдык ишканасынын кайрылуусун кароо жөнүндө.
Могол айыл аймагындагы «Могол таза суу» муниципалдык ишканасынын директору Х.Мамадалиеванын кайрылуусун угуп жана талкуулап Могол айылдык Кенешинин VIII-чакырылышынын кезектеги III -сессиясы токтом кылат:
1. Могол айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Могол Таза суу” муниципалдык ишканасынын жетекчилиги ишин баштоо үчүн жана айыл тургундарына суу түтүктөрү камсыз кылуу иштерин уюштуруу үчүн Могол айыл өкмөтүнүн эсебинен 250 000 (эки жүз элүү миң) сом акча каражаты ажыратылсын.
2. Ажыратылган акча каражатын 5 жылдан кийин айыл өкмөтүнө кайтаруу тууралуу келишимдин негизинде берилсин.
3. Ажыратылган акча каражатын максаттуу пайдалануу жагы «Могол таза суу» муниципалдык ишканасынын директору Х.Мамадалиевага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын камсыздоо Могол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Турдукуловко жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет боюнча Могол айылдык Кеңешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Могол айылдык Кенешинин төрагасы | А. Мамарасулов |