Редакцияот 15.07.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Могол айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги III– сессиясы

2021-жылдын 15-июлу № 4

Могол айыл аймагындагы №41 Жусубалы уулу Жолдош атындагы орто мектебинин директорунун Өтүнүч катын кароо жөнүндө.

Могол айыл аймагындагы №41 Жусубалы уулу Жолдош атындагы орто мектебинин директору Б.Жусуповдун жана жалпы жамаатынын Өтүнүч катын угуп жана талкуулап Могол айылдык Кенешинин VIII-чакырылышынын кезектеги III -сессиясы токтом кылат:

1. Могол айыл аймагындагы №41 Жусубалы уулу Жолдош атындагы орто мектеби азыркы учурда эскилиги жеткендигине байланыштуу 2021-2022-жаңы окуу жылына карата учурдагы ремонт иштери талапка ылайык жүргүзүлсүн.

2. №41 Жусубалы уулу Жолдош атындагы орто мектебинин өтүнүч катынын негизинде тийиштүү жабдыктарды камсыз кылуу айыл өкмөт башчысынан суралсын.

3. Мыйзамга ылайык ремонт иштерин жүргүзүү №41 Жусубалы уулу Жолдош атындагы орто мектебинин директору Б.Жусуповго милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын камсыздоо Могол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Турдукуловко  жүктөлсүн.

 

Могол айылдык Кенешинин төрагасы

А. Мамарасулов