МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Могол айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги III– сессиясы
2021-жылдын 15-июлу № 5
Могол айыл аймагындагы Ооган-Талаа айылдык китепкана башчысынын билдирүүсүн кароо жөнүндө.
Могол айыл аймагындагы Ооган-Талаа айылдык китепкананын башчысы Г.Балтабаеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Могол айылдык Кенешинин VIII-чакырылышынын кезектеги III -сессиясы токтом кылат:
1. Могол айыл аймагындагы Ооган-Талаа айылдык китепкананын ичи азыркы учурда эскилиги жеткендигине байланыштуу ремонт иштери жүргүзүлсүн.
5. Мыйзамга ылайык ремонт иштерин жүргүзүү Ооган-Талаа айылдык китепкананын башчысы Г.Балтабаевага милдеттендирилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо Могол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Турдукуловко жүктөлсүн.
Могол айылдык Кенешинин төрагасы | А. Мамарасулов |