МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Могол айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги III– сессиясы
2021-жылдын 15-июлу № 6
Могол айылдык Кеңешинин аймагына чакан ГЭС курууга уруксат берүү жөнүндө.
Могол айылдык Кеңешинин аймагына чакан ГЭС куруу жөнүндө арызды угуп жана талкуулап, чакан ГЭС куруу жөнүндөгү долбоордун негизинде Могол айылдык Кенешинин VIII-чакырылышынын кезектеги III –сессиясы токтом кылат:
1. Могол айыл аймагынын калкын арзан баада электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында Таш-Көпүрөнүн аймагына чакан ГЭС курууга уруксат берилсин.
2. Уруксат берилген аймакка мыйзам ченемдүү иш кагаздарын карап чыгып, мамлекеттик тийиштүү органдарынын кортундуларынын негизинде, чакан ГЭС курулушуна жер бөлүнүп берилсин.
3. Мыйзамга ылайык курулуш иштерин жүргүзүү жагы арыз ээси Досбаев Абдисатарга милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын камсыздоо Могол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Турдукуловко жүктөлсүн.
Могол айылдык Кенешинин төрагасы | А. Мамарасулов |