Редакцияот 15.07.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Могол айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги III– сессиясы

2021-жылдын 15-июлу № 7

Могол айыл аймагындагы Көк-Тонду айылынын Ынтымак участкасындагы тургундардын арызы жөнүндө.

Могол айыл аймагындагы Көк-Тонду айылынын Ынтымак участкасындагы тургундардын арызын угуп жана талкуулап Могол айылдык Кенешинин VIII-чакырылышынын кезектеги III –сессиясы токтом кылат:

1. Көк-Тонду айылынын Ынтымак участкасына электр зымдарын тартып калкты электр энергия менен камсыз кылуу Могол айыл өкмөтүнүн тийиштүү адистерине тапшырылсын.

2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо Могол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Турдукуловко жүктөлсүн.

3. Мыйзамга ылайык иш жүргүзүү жагын көзөмөлдөө Могол айылдык Кенешинин экономика, план, бюджет, өнөр жай, курулуш, транспорт жана элге кызмат көрсөтүү боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Могол айылдык Кенешинин төрагасы

А. Мамарасулов