МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Могол айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги III– сессиясы
2021-жылдын 15-июлу № 8
Могол айыл аймагында ыксыз чыгымдарды кыскартуу жөнүндө.
Могол айыл аймагында ыксыз чыгымдарды кыскартуу жана болтурбоо максатында айылдык Кеңештин депутаты Эрнис Турдукуловдун сунушун угуп жана талкуулап Могол айылдык Кенешинин VIII-чакырылышынын кезектеги III –сессиясы токтом кылат:
1. Могол айыл аймагында сарамжалдуулукту камсыз кылуу, той аштарда ыксыз чыгымдарды кыскартуу жана болтурбоо максатында айыл аймагындагы имамдар, айыл башчылар, аксакалдар сотунун жана жаштар комитетинин төрагаларына калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.
2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо Могол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Турдукуловко жүктөлсүн.
3. Мыйзамга ылайык иш жүргүзүү жагын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин мыйзамдуулук жана коомдук тартипти сактоо боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Могол айылдык Кенешинин төрагасы | А. Мамарасулов |