МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Могол айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV– сессиясы
2021-жылдын 18-августу № 1
Могол айыл аймагынын Чарбак айылына ФАП курууга уруксат берүү жөнүндө.
Могол айыл Өкмөтүнүн социалдык экономикалык өнүгүү программасынын негизинде Чарбак айылына ФАП куруу жөнүндө Могол айыл Өкмөтүнүн башчысы Э. Турдукуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Могол айылдык Кенешинин VIII-чакырылышынын кезектеги IV –сессиясы токтом кылат:
1. Могол айыл аймагына караштуу Чарбак айылынын тургундарынын суроо талаптарын канаттандыруу жана калктын саламатчылыгын камсыз кылуу максатында Чарбак айылына ФАП курууга уруксат берилсин.
2. Чарбак айылынын тургуну Нышанова Ашурбай Алимжановичтин жеке менчик 14430 м2 жер участкасынан 128,0 м2 жер участкасы өз макулдугу менен ФАП курууга жер берилгендигине байланыштуу муниципалдык менчике алынсын.
3. Могол айыл аймагына караштуу Чарбак айылына ФАП куруу үчүн тийиштүү иш кагаздарын даярдоо жагы Могол айыл Өкмөтүнүн тийешелүү адистерине жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын камсыздоо Могол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Турдукуловко тапшырылсын.
Могол айылдык Кенешинин төрагасы | А. Мамарасулов |