Редакцияот 18.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Могол айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV– сессиясы

2021-жылдын 18-августу № 2

Могол айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү программасына кирген иш-чараларды аткаруу үчүн 2021-жыл ичинде жазылган кичи долбоорлорду колдоого алуу жөнүндө

Могол айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү программасына кирген иш-чараларды аткаруу үчүн 2021-жыл ичинде жазылган кичи долбоорлорду колдоп берүү жөнүндө Могол айыл аймагынын башчысынын маалыматын угуп жана талкуулап Могол айылдык Кенешинин VIII-чакырылышынын кезектеги IV –сессиясы токтом кылат:

1. Могол айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү программасына кирген иш-чараларды аткаруу үчүн 2021-жыл ичинде жазылган кичи долбоорлор жактырылсын жана колдоого алынсын.

2. Ишке ашкан инвестициялык микро долбоорлордун акча каражаттары кошумча смета менен каралып чыгымдалсын.

3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Могол айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнө тапшырылсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө экономика, план, бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Могол айылдык Кенешинин төрагасы

А. Мамарасулов