МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Могол айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV– сессиясы
2021-жылдын 18-августу № 3
Чарбак айылынын көчөлөрүнө наам берүү жөнүндө.
Чарбак айылынын көчөлөрүнө наам берүү боюнча айыл тургундарынын жалпы жыйналыштарынын токтомдору менен таанышып жана талкуулап Могол айылдык Кенешинин VIII-чакырылышынын кезектеги IV –сессиясы токтом кылат:
1. Могол айыл аймагынын Чарбак айылынын көчөлөрүнө наам берүү боюнча айылдын тургундарынын жалпы жыйналыштарынын токтомдору бекитилсин.
2. Чарбак айылынын Кара-Булак участкасынын үстүндөгү көчөгө Ихрамалиев Муктардын аты берилсин.
3. Чарбак айылынын Чака-Мазар участкасынын Достук көчөсү өзгөртүлүп Токоев Сулаймандын аты берилсин.
4. Могол айыл аймагына караштуу Чарбак айылынын ички көчөлөрүнө наамы берилген көчөлөрдүн инфраструктурасын жакшыртуу жана көчөнүн аттарын илүү, үйлѳрдү номерлөө демилгечи топторго жана аты коюлган ардагерлердин үй-бүлөөлөрүнө жүктөлсүн.
5. Токтомго ылайык иш чараларды жүргүзүү токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Могол айылдык Кеӊешинин төрагасынын орун басары М.Токтобаевке жүктөлсүн.
Могол айылдык Кенешинин төрагасы | А. Мамарасулов |