Редакцияот 18.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Могол айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV– сессиясы

2021-жылдын 18-августу № 4

“Сейдикум” чек ара заставасынын жоокерлеринин мончосун ремонттоо жөнүндө.

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин чек ара кызматы 2027 аскер бөлүгүнүн “Сейдикум” чек ара заставасынын жоокерлеринин мончосунун абалы эскирип калганына байланыштуу капиталдык ремонттон өткөрүүгө көмөк көрсөтүү боюнча Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын 2021-жылдын 12-августундагы №01-10/1105 сандуу каты менен таанышып жана талкуулап Могол айылдык Кенешинин VIII-чакырылышынын кезектеги IV –сессиясы токтом кылат:

1. 2027 аскер бөлүгүнүн “Сейдикум” чек ара заставасынын жоокерлеринин мончосунун абалы эскирип калганына байланыштуу ремонттон өткөрүлсүн.

2. Могол айыл өкмөтүнүн ар түрдүү чыгымдардын эсебинен 5000 (беш миӊ) сом өлчөмүндө демөөрчүлүк колдоо көрсөтүлсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин чек ара кызматы 2027 аскер бөлүгүнүн “Сейдикум” чек ара заставасына жыл сайын колдоо көрсөтүү жагы сметага киргизилсин.

4. Токтомдун аткарылышын камсыздоо Могол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Турдукуловко жүктөлсүн.

5. Мыйзамга ылайык иш жүргүзүү жагын көзөмөлдөө Могол айылдык Кенешинин экономика, план, бюджет, өнөр жай, курулуш, транспорт жана элге кызмат көрсөтүү боюнча туруктуу комиссиясына  милдеттендирилсин.

 

Могол айылдык Кенешинин төрагасы

А. Мамарасулов