Редакцияот 18.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Могол айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV– сессиясы

2021-жылдын 18-августу № 5

Могол айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2021-жылдын жарым жылдык отчетун угуу жөнүндө.

Могол айыл аймагынын жайыт пайдаланычуулар бирикмесинин төрагасы М.Лукумовдун 2021-жылдын жарым жылдык отчетун угуп жана талкуулап Могол айылдык Кенешинин VIII-чакырылышынын кезектеги IV-сессиясы токтом кылат:

1. Могол айыл аймагынын жайыт пайдаланычуулар бирикмесинин 2021-жылдын жарым жылдык аткарган жумушу “Канаттандыраарлык эмес” деп табылсын.

2. Могол айыл аймагынын атайын кызматтык фронталдык погрузчиги айылдагы элдердин жумушун саатына 2000 (эки миң) сомдон иштөө жагы ошол тариф боюнча калтырылсын.

3. Могол айыл аймагынын Жайыт комитетинин атайын кызматтык фронталдык погрузчигинин айдоочусу С.Стамкулов ооруп ден соолугуна байланыштуу иштей албагандыктан айдоочулук кызматка комиссия түзүлүп, жарыя берип, конкурстун негизинде алуу жагы жайыт пайдаланычуулар бирикмесинин төрагасы М.Лукумовко тапшырылсын.

4. Могол айыл аймагынын Жайыт комитетинин атайын кызматтык фронталдык техниканын туруктуу токтоочу жайы аныкталсын жана иштөө тартиби буйрутманын негизинде чыгарылсын.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кенештин агрардык азык-түлүк, токойчулук жана айыл чарба маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Могол айылдык Кенешинин төрагасы

А. Мамарасулов