Редакцияот 18.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Могол айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV– сессиясы

2021-жылдын 18-августу № 6

Могол айыл аймагынын Кѳк-Тонду айылынын Арзыкулов көчөсүнө Мечит курууга уруксат берүү жөнүндө.

Могол айыл аймагынын тургундарынын суроо-талабынын негизинде Көк-Тонду айылынын Ө.Арзыкулов көчөсүнө Мечит куруу жөнүндө Могол айыл Өкмөтүнүн башчысы Э. Турдукуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Могол айылдык Кенешинин VIII-чакырылышынын кезектеги IV-сессиясы токтом кылат:

1. Могол айыл өкмөтүнүн Көк-Тонду айылынын Ө.Арзыкулов көчөсүнө донор уюмдар тарабынан каржылануучу долбоордун негизинде Мечит курууга уруксат берилсин.

2. Могол айыл өкмөтүнүн Көк-Тонду айылынын Ө.Арзыкулов көчөсүнүн тургуну Каражанова Сүйүмкандын жеке менчик участкасынан 0,12 га жер участкасы өз макулдугу менен Мечит курууга берилгендигине байланыштуу муниципалдык менчике алынсын.

3. Могол айыл аймагына караштуу Көк-Тонду айылынын Ө.Арзыкулов көчөсүнүн Мечит куруу үчүн тийиштүү иш кагаздарын даярдоо жагы Могол айыл Өкмөтүнүн тийешелүү адистерине жүктөлсүн.

4. Токтомдун аткарылышын камсыздоо Могол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Турдукуловко жүктөлсүн.

5. Мыйзамга ылайык иш жүргүзүү жагын көзөмөлдөө Могол айылдык Кенешинин экономика, план, бюджет, өнөр жай, курулуш, транспорт жана элге кызмат көрсөтүү боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Могол айылдык Кенешинин төрагасы

А. Мамарасулов