Редакцияот 18.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Могол айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV– сессиясы

2021-жылдын 18-августу № 8

Ооган-Талаа айылындагы Могол айыл ѳкмѳтүнүн жаңы

имаратын куруу долбоору жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, Могол айыл аймагынын Ооган-Талаа айылынын тургундарынын Могол айыл ѳкмѳтүнүн жаңы имаратын куруу боюнча 2021-жылдын 15-июлундагы элдик жыйындын № 1 токтомунун негизинде Могол айылдык Кеӊешинин VIII -чакырылышынын кезексиз IV-сессиясы токтом кылат:

1. Могол айыл аймагынын Ооган-Талаа айылындагы Могол айыл ѳкмѳтүнүн жаңы имаратын куруу боюнча 2021-жылдын 15-июлундагы элдик жыйынынын № 1-токтому бекитилсин.

2.Могол айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү программасына кирген иш-чараларды аткаруу үчүн Ооган-Талаа айылындагы Могол айыл ѳкмѳтүнүн жаңы имаратын куруу долбоорун ишке ашыруу колдоого алынсын.

4. Ооган-Талаа айылындагы Могол айыл ѳкмѳтүнүн жаңы имаратын куруу боюнча долбоорду даярдоо жана Жалал-Абад областык өнүктүрүү фондуна тапшыруу, долбоорду ишке ашыруу айыл ѳкмѳтүнүн тиешелүү адистерине милдеттендирилсин.

5. Могол айыл өкмөтүнүн жаңы имаратын куруу үчүн көзөмөлдөө ишин жүргүзүүгө жергиликтүү бюджеттен 140 000 (бир жүз кырк миң) сом акча каражатын бөлүп берүү жагы ФЭБ башчысы З.Укубаевага милдеттендирилсин.

6. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Э.Турдукуловко тапшырылсын.

7. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айылдык Кеңештин тѳрагасынын орун басары М.Токтобаевге жүктѳлсүн.

 

Могол айылдык Кенешинин төрагасы

А. Мамарасулов