МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Могол айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV– сессиясы
2021-жылдын 18-августу № 9
Көк-Тонду айылына чакан тигүү цех ачуу үчүн жана жабдууларды сатып алуу долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, Могол айыл аймагынын Көк-Тонду айылынын чакан тигүү цех ачуу үчүн жабдууларды сатып алуу боюнча 2021-жылдын 21-июлундагы элдик жыйындын №2 токтомунун негизинде Могол айылдык Кеӊешинин VIII -чакырылышынын кезексиз IV -сессиясы токтом кылат:
1. Могол айыл аймагынын Көк-Тонду айылына чакан тигүү цех ачуу үчүн жабдууларды сатып алуу боюнча 2021-жылдын 21-июлундагы элдик жыйынынын №2-токтому бекитилсин.
2. Могол айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү программасына кирген иш-чараларды аткаруу үчүн Көк-Тонду айылына чакан тигүү цех ачуу үчүн жабдууларды сатып алуу долбоорун ишке ашыруу колдоого алынсын.
3. Көк-Тонду айылына чакан тигүү цех ачуу үчүн жабдууларды сатып алуу боюнча долбоорду даярдоо жана Жалал-Абад областык өнүктүрүү фондуна тапшыруу, долбоорду ишке ашыруу айыл ѳкмѳтүнүн тиешелүү адистерине милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Э.Турдукуловко тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айылдык Кеңештин тѳрагасынын орун басары М.Токтобаевге жүктѳлсүн.
Могол айылдык Кенешинин төрагасы | А. Мамарасулов |